Surah Al-Fajr — The Dawn
Surah Al-Fajr (The Dawn) is chapter 89 of the Quran, with 30 verses. This page presents the Arabic text with a Kyrgyz translation, verse by verse.
وَٱلۡفَجۡرِ
Таңгаант
Ayah 1وَلَيَالٍ عَشۡرࣲ
Онтүнгөант
Ayah 2وَٱلشَّفۡعِ وَٱلۡوَتۡرِ
Жуп менен такка ант
Ayah 3وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَسۡرِ
Жана өтүп жаткан түнгө ант
Ayah 4هَلۡ فِي ذَٰلِكَ قَسَمࣱ لِّذِي حِجۡرٍ
Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле
Ayah 5أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِعَادٍ
Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү
Ayah 6إِرَمَ ذَاتِ ٱلۡعِمَادِ
(Түркүктүү Ирамды) (эмне кылганынчы)
Ayah 7ٱلَّتِي لَمۡ يُخۡلَقۡ مِثۡلُهَا فِي ٱلۡبِلَٰدِ
Ага окшогону эч бир өлкөдө жаратылбаган эле
Ayah 8وَثَمُودَ ٱلَّذِينَ جَابُواْ ٱلصَّخۡرَ بِٱلۡوَادِ
Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү)
Ayah 9وَفِرۡعَوۡنَ ذِي ٱلۡأَوۡتَادِ
Кубаттуу аскерлердин ээси Фираунду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү)
Ayah 10ٱلَّذِينَ طَغَوۡاْ فِي ٱلۡبِلَٰدِ
Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен
Ayah 11فَأَكۡثَرُواْ فِيهَا ٱلۡفَسَادَ
жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу
Ayah 12فَصَبَّ عَلَيۡهِمۡ رَبُّكَ سَوۡطَ عَذَابٍ
Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды
Ayah 13إِنَّ رَبَّكَ لَبِٱلۡمِرۡصَادِ
Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу
Ayah 14فَأَمَّا ٱلۡإِنسَٰنُ إِذَا مَا ٱبۡتَلَىٰهُ رَبُّهُۥ فَأَكۡرَمَهُۥ وَنَعَّمَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّيٓ أَكۡرَمَنِ
Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт
Ayah 15وَأَمَّآ إِذَا مَا ٱبۡتَلَىٰهُ فَقَدَرَ عَلَيۡهِ رِزۡقَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّيٓ أَهَٰنَنِ
Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт
Ayah 16كَلَّاۖ بَل لَّا تُكۡرِمُونَ ٱلۡيَتِيمَ
Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар
Ayah 17وَلَا تَحَٰٓضُّونَ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ
Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр
Ayah 18وَتَأۡكُلُونَ ٱلتُّرَاثَ أَكۡلࣰ ا لَّمࣰّ ا
Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер
Ayah 19وَتُحِبُّونَ ٱلۡمَالَ حُبࣰّ ا جَمࣰّ ا
Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр
Ayah 20كَلَّآۖ إِذَا دُكَّتِ ٱلۡأَرۡضُ دَكࣰّ ا دَكࣰّ ا
Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде
Ayah 21وَجَآءَ رَبُّكَ وَٱلۡمَلَكُ صَفࣰّ ا صَفࣰّ ا
жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде
Ayah 22وَجِاْيٓءَ يَوۡمَئِذِۭ بِجَهَنَّمَۚ يَوۡمَئِذࣲ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ وَأَنَّىٰ لَهُ ٱلذِّكۡرَىٰ
Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана
Ayah 23يَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي قَدَّمۡتُ لِحَيَاتِي
(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт
Ayah 24فَيَوۡمَئِذࣲ لَّا يُعَذِّبُ عَذَابَهُۥٓ أَحَدࣱ
Ал күнү Аллаһ азаптагандай эч ким азаптай албайт
Ayah 25وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُۥٓ أَحَدࣱ
Аллаһ байлагандай эч ким байлай албайт
Ayah 26يَٰٓأَيَّتُهَا ٱلنَّفۡسُ ٱلۡمُطۡمَئِنَّةُ
О,тынч- бейпил жан
Ayah 27ٱرۡجِعِيٓ إِلَىٰ رَبِّكِ رَاضِيَةࣰ مَّرۡضِيَّةࣰ
(Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын
Ayah 28فَٱدۡخُلِي فِي عِبَٰدِي
Менин (жакшы) пенделериме кошулгун
Ayah 29وَٱدۡخُلِي جَنَّتِي
жана Менин Бейишиме киргин
Ayah 30